«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын жолдорунун унаа жүрүүчү бөлүгүнө жана тротуарларга туз себүү үчүн атайын кутучаларды даярдап орнотушту.

Жалпысынан шаар боюнча ушундай 77 кутуча орнотулган. Шаарды санитардык тазалоо жана катуу таштандыларды чыгаруу үчүн линияда 622 тазалоочу, 200 жүктөгүч жана 98 атайын техника иштеп жатат.
Белгилей кетсек, жолдорго чачуу үчүн кыш мезгилине 6 миң тонна туз даярдалган.

Жолдун жээгиндеги карды тазалоого 35 атайын техника, 2 кар тазалоочу трактор, 4 универсалдуу техника жана жол тейлөө башкармалыгынын 40 кызматкери тартылат.