Ленин районунун акими Русланбек Тагаев бала бакчанын ачылышына карата даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бала бакча эмеректер, шейшептер менен камсыздалган, ашканасы да жабдылган. Эмеректер жыйноо жана орнотуу подрядчы тарабынан ишке ашырылат, ал эми аймакты жашылдандыруу параллелдүү жүргүзүлүдө. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын конструкциясы эки кабаттуу. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га. Курулуш аянты - 640 чарчы метр. Бала бакча 120 балага ылайыкталган (4 тайпа).

Бала бакчанын ачылышы үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын биринчи он күндүгүнө пландалууда.