Ленин районунун акими Русланбек Тагаев №1 МАБдын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда калктын турмушундагы көйгөйлөр, аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланып, 2023-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер коюлду.

Райондун тургундары Алыкулов жана Астраханская көчөлөрүн бойлой коомдук транспорт менен камсыз кылуу, Киев жана Павлов көчөлөрүн жарыктандыруу, канализацияны "Бишкексууканал" башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышты, ошондой эле тургундар участкалык милиция кызматкерлеринин тынымсыз «алмашып» турганын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында район башчысы тургундарга райондун турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шаардык кызматтарга тапшырмаларды берди.