Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов салттуу көчмө жыйынын  өткөрдү.

Текшерүү Ак-Босого конушунун аймагынан өттү.

Алгач Чүй 45-көчөсүн текшерип, жабык коллектордук-дренаждык системаны   куруу маселесин талкууладык.

Андан кийин биз   Чүй 41 көчөсүнө бардык.  Биринчи май акимиаты менен БУУнун алдындагы миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, жаңы аянт курулуп жатат.

Иштер башталды, сугат лотокторун төшөө үчүн траншеяны казуу иштери жүрүп жатат, тротуардын фундаменти (жаздык) орнотулуп, топурак, бордюрлар алынып келинди.

Чүй 18 көчөсүндөгү жер тилкесин карап чыгып, бул жерге бала бакча куруу пландалууда. Учурда имараттын долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук -мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында экспертизадан өтүүдө.

Конуштун  77-кварталында учурдагы футбол аянтчасын оңдоо мүмкүнчүлүгү каралып, ал жерден Безымянная көчөсүн бойлой канализациялык насостук станция куруу үчүн аймак изилденген.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында райондук кызматтарга тиешелүү тапшырмалар көрсөтүлгөн протокол түзүлдү.