Шаардык муниципалитетте  борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп, анда “Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө” жобонун долбоорунун акыркы редакциясы каралды.

Документте жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан кароодо айтылган сунуштар жана сын-пикирлер эске алынган.

Өз кезегинде борбордун вице-мэри эксперттерге биргелешкен иши жана KPI документин иштеп чыгууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

KPI түзүүнүн негизги максаты – Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө баа берүү аркылуу анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.