Борбор калаанын акимчиликтеринде “Милициянын жаш досу” сынагы өттү.

Биринчи май районунда №75 мектеп-лицейинин базасында сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Райондун 6 мектеби: №6,18,28,41,49,75 мектептеринин  8-классынын окуучулары катышты.

Окуучулар милиция жөнүндө мыкты ыр, агитация, басуу, капитандардын «Биздин жоокер бардык жерде азамат!» аттуу сынактарда күч сынашты.

Мелдешке ар бир команда жакшы даярданышып, жигиттер тамеки тартуунун зыяндуулугу, чөнтөк уурулук жана мектептин “Милициянын жаш досу” командасынын иши тууралуу видеоролик тартышты.

Эң мыктылар төмөнкүлөр болушту:

- 1-орун - №41 орто мектептин командасы;
- 2-орун - №75 мектеп -лицейинин командасы;
- 3-орун - №28 мектеп-лицейинин командасы.

Шаардык сынакка №41 жана 75 мектептер катышат.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун №10 орто мектебинин базасында “Милициянын жаш досу-2022” райондук кароо-сынагы өттү.

Кароо сынакка 7 орто мектеп катышып, сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды:

1-орун - 280 упай алган №67 мектеп-гимназиясы командасы,
2-орун - 277 упай алган №52 орто мектептин командасы,
3-орун - №51 мектеп-гимназиясынын командасы, 253 упай алды.

Кошумчалай кетсек, «Мыкты аткаруу» номинациясында: №11 орто мектептин командасы сыйланды.

“Милиция жөнүндө мыкты ыр” сынагынын жыйынтыгында №43 мектебинин  командасы, Милициянын жаш досу отрядынын иши тууралуу видеороликтерди көрсөтүүдө №53 орто мектептин командасы жеңип, №45 орто мектеп - «Стенгазет» конкурсунда алдыңкы орунду багындырды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борбору №3 орто мектептин базасында “Милициянын жаш досу-2022” райондук кароо-сынагын өткөрдү.

Кароо сынакка 6 орто мектеп катышып, сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:

1-орун - 105 упай алган №73 орто мектептин командасы,
2-орун - 103 упай алган №26 мектеп-гимназиясынын  командасы,
3-орун - №37 мектеп-гимназиясынын командасы, 87 упай алды.

Мелдештин максаты – жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, өсүп келе жаткан муундардын адилеттүүлүк сезимин тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн иш менен камсыз болушун жана эс алуусун уюштуруу болуп саналат.