Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында “Манас” эпосунун күнүнө карата “Тарых жана адабият” кечеси өттү.

Ленин районундагы мектептердин 200 окуучусу бир  учурда «Манас» эпосунан үзүндү айтышты.

Бул иш-чаранын катышуучуларын ата-энелер жана окуучулар колдоп турушту.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ишке ашырылды.

Бул иш-чаранын максаты - жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.

Окуучуларды мугалимдер, ата-энелер жана балдар иштери боюнча инспекторлор коштоп жүрүштү.