Мончолорду текшерүү уланууда

 Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы мончо жана сауналарды текшерүүнү улантып,  тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө каршы рейддерди өткөрүүдө.

КРнын Экология министрлиги жана №6 МАБ менен биргеликте Төкөлдөштүн жогору жагындагы жеке мончолорду текшеришти. Шаардыктардан түшкөн көптөгөн даттанууларга байланыштуу «Датка» мончосу да текшерилди, аталган мончо жакында эле газ менен жылытууга өткөнү аныкталды.

 Ошол эле учурда экинчи топ Биринчи май районундагы Ахунбаев жана Абай көчөлөрүн текшерди.

 Жалпысынан 10 мончо жана сауна текшерилип, тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныкталган эмес. Ал эми Ахунбаев көчөсүндөгү №133 даректин боюндагы «Каприз» эс алуу жайынын жанаша жайгашкан аймагында санитардык нормалардын бузулгандыгы аныкталып, аларга КРнын  «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык айып салынды.

 Борбор калаанын мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуунун бардык катталган фактылары боюнча тартип бузгандар күнөөсүн мойнуна алган-мойнуна албаганына карабастан жеринде жаза колдонуу боюнча протоколдор түзүлөрүн эскертет.