Борбор калаанын коомдук транспорту шаардыктарды штаттык режимде тейлейт.
Саат 9:00гө карата каттамда 129 троллейбус, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынан 66 автобус, «ААламудун Авто Транс» ишканасынан 6 автобус жана жеке менчик 123 автобус жүрөт.
Ошондой эле 1388 кичи автобус шаардын жүргүнчүлөрүн ташууда.
Урматтуу шаардыктар! Эскерте кетсек, коомдук транспорттун графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.