Борбор калаада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата "Биз биргебиз!"аттуу бир айлык өтүүдө.

Бир айлыктын алкагында Свердлов акимиаты №30 атайын көмөкчү мектебинде иш-чара өткөрдү.

Балдар концерттик программага күбө болуп, аларга «Манас» балдар жана өспүрүмдөр уюмунун райондук штабынын тарбиялануучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми мектептин окуучулары прикладдык искусствонун көргөзмөсүн даярдашты.

Мектепте 247 окуучу окуйт, алардын ичинен 40 бала үйдө жекече окутулат.