Биринчи май районунун көчөлөрүн «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жарыктандырууда.

Бүгүнкү күндө тейлөө кызматкерлери Скрябин көчөсүнүн Абай менен Байтик баатырдын ортосундагы аралыкта  иштеп жатышат. Анда электр линияларын жана чырактарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Биздин адистер 12 жаңы 50 Вт лампаларды жана ошончо эле сандагы кронштейндик блокторду орнотушту. Ошондой эле узундугу 415 метр болгон өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым тартылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" МИсы  социалдык тармактарда:
Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvett
Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Сураныч, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!