“Тазалык” муниципалдык ишканасы унаа жолдогу жана тротуарлардагы карды тазалоого даяр.

Жол тейлөө башкармалыгынын 35 даана атайын техникасы жана 40 жумушчусу даяр турат.

Аба ырайынын сууктаганына карабай борборду көрктөндүрүү иштерин улантылууда. Учурда шаардын борборундагы жол тосмолорун оңдоп жатабыз.

Шаардын көчөлөрүндө 629 тазалоочу, 226 жүктөгүч жана 94 атайын техника иштеп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! Тротуарларда муз пайда болгондо тазалыкчылар тез арада тазалоого чыгышат.