Орто-Сай айылындагы суу түтүктө бузулуулар болду. Авариялык бригада керелден-кечке түтүктөрдөгү бузулган жерди четтетишти. Түтүктө 15 см өлчөмүндөгү туурасы 2мм болгон жарылган жер табылган. Бирок жарылган жерди оңдош үчүн эмгекти көп талап кылган жумуштарды жасоого туура келди. Авария болгон жердеги участоктогу асфальтты кесишип, траншеяны казып бузулган жердеги түтүктү алмаштырууну жүргүзүштү.

Жыйынтыгында суунун агып калууларын чектөөгө сегиз сааттан ашык убакыт кетти.

Суу түтүк тармактары сырткы себептердин таасиринде деформацияга туш болушат. Жыл мезгилдеринин алмашуулары учурунда сырткы абанын температураларынын өзгөрүүлөрүнө байланыштуу топурактар жылышып турат, бул суу түтүк тармактарындагы бузулуулардын санын көбөйтөт.

Маалымат: «Бишкексууканал» ӨЭБы 1538 км ашык суу түтүк тармактарын тейлейт. Коммуникациялардын көпчүлүгү совет мезгилинде курулган жана азыркы учурда алардын иштөө мөөнөтүнүн ресурсу бүткөн. 1538,2 км суу түтүк тармактарынын ичинен 80% эскирген. 70% аябай эскирген. Коммуникациялардын эскирүүсү ушундай сандагы өсүшүндө авариялык абалдардын саны аябай өсөт.