Салыктык түшүүлөр боюнча жана кошумча резервдерди аныктоо максатында Свердлов районунун акимчилигинин адистери салык кызматынын инспекторлору жана муниципалдык инспекциянын кызматкерлери менен патенттин негизинде салык төлөгөн жайларына биргелешкен рейддерди өткөрүүдө.

Аламүдүн базарындагы соода жана оюн-зоок борборунун 3 субъектисинде, «Табылга» соода борборундагы соода жайларына инвентаризация жүргүзүлүп, патенттери бар экени аныкталды. Жалпысынан 832 соода жайы текшерилди.

Мыйзамсыз сооданы алдын алуу жана жоюу максатында «Аламүдүн базары» соода комплексине жанаша жайгашкан Жибек-Жолу проспектиси, Будённый көчөсү , Курманжан-Датка көчөлөрүндө 15тен ашык жарнамалык конструкциялар жана 20дан ашык ар кандай ээси жок объектилер (отургучтар, столдор, коробкалар, шкафтар ж.б.) алынынып салынды.

Кожоюндарына белгиленген чектерден тышкары коммерциялык ишмердүүлүккө жол бербөө эскертилди.

Мындай рейддик иш-чаралар муниципалдык администрация тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы ишкерлерди жана жарандарды соода эрежелерин сактоого чакырат!