Бишкек шаарынын мэриясы 24 - эл аралык “Курулуш - UzBuild 2023” көргөзмөсүнө катышууну каалагандарды чакырат. Көргөзмө 2023-жылдын 28-февралынан 3-мартына чейин Ташкентте өтөт. Көргөзмөгө Дания, Германия, Индия, Италия, Казакстан, Кытайдан келген 150дөн ашык компаниялар жана бренддер коюлат.
Бизнес-программанын алкагында 4-Эл аралык курулуш индустриясынын конференциясы - ICCI 2023 да өткөрүлөт.
Көргөзмөгө катышуу үчүн электрондук түрдө www.uzbuild.uz сайтында каттоодон өтүп бейджик берилет. Толук маалымат: Яна Иванова, +(998 71) 205 14 14, e-mail: yana_ivanova@kongress-servis.uz
Маалымдама: UzBuild – жыл сайын аймактын курулуш индустриясынын адистерин чогултуп, ата мекендик жана чет элдик өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы технологияларын жана тажрыйбасын көрсөткөн уникалдуу профессионалдык платформа, курулуш тармагында түрдүү өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу кызматташуусуна көмөктөшөт.