Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйынга мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, курулуш компанияларынын, байланыш операторлорунун ассоциацияларынын, курулушчулар жана архитекторлор союздарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, имараттардын жана курулуштардын сырткы көрүнүшүн реконструкциялоо, интернет-провайдерлердин байланышын иретке келтирүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасындагы кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жана ишке киргизилген бүткөрүлгөн курулуш объекттеринин шайкештигин баалоочу ченемдик укуктук актылардын маселелери козголду.Иш-чара  инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле тиешелүү уруксаттарды алууда бюрократиялык процесстерди азайтат.

Ошондой эле мэр инженердик коммуникацияларды жер астына жайгаштырууну караган «Ачык асман» долбоору тууралуу да айтып берди. Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн тиешелүү инфраструктура түзүлөт.

Курулуш компанияларынын жана интернет провайдерлеринин өкүлдөрү өздөрүнүн сунуштарын жана көйгөйлүү маселелерин айтышты, ошондой эле маанилүү инфраструктуралык маселелерди чечүүдө муниципалитетке көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Кеңешменин жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри долбоорду пилоттук түрдө ишке ашыруу үчүн шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирин аныктоо, шаардык кызматтарга долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү жана инфраструктураны даярдоо тапшырмасы берилди.