Бишкек шаарынын  мэриясынын Жер  пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаанын аймагын уруксат берилбеген объектилерден “тазалоо” иштерин улантууда.

Алсак, вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында Дэн Сяопин проспектиси менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги уруксат берилбеген эки кабаттуу үйдүн айланасында жеңил конструкциядагы тосмолор демонтаждалган. Ээси өз ыктыяры менен объектти өзү демонтаж  милдетин алган.

П.Лумумба жана Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишинде биздин бригада тротуардын жээгинде жайгашкан 5 вулканизациялык капкактарды алып салышты. Ошондой эле бул участокто тосмолор жок, муниципалдык аймактын 15 метри бошотулган.

Мындан тышкары, П.Лумумба көчөсүн бойлой башкармалыктын кызматкерлери уруксат берүүчү документтери жок орнотулган жарнак баннерлерин жана көрнөк-жарнактарын алып салышты. Көчөнү башаламан жарнактардан тазалоо пландалууда. Учурда 100дөн ашык жарнамалык баннерлер жана 6 көрнөк-жарнак мыйзамсыз ордун таштап кеткен. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу жарандар, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону  суранат.