М.Жангазиев атындагы куурчак театрында Европа Биримдигинин “Билим берүү кызматын жакшыртуу максатында учурдагы чакырыктарга жооп берүү” долбоору мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген мекеме-уюмдар үчүн иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун тарбиялануучулары жана өкүлдөрү катышты.

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору ар бир адамды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды алардын күнүндө гана эмес, жылдын 365 күнүндө эскерүүгө чакырат. Кайдыгер карабаңыздар, алар менен баарлашып, муктаждыктарын билип, колдоңуздар!

Маалымат үчүн: Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына карайт. Райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү менен биргеликте медициналык, педагогикалык жана социалдык багыт менен иш алып барат. Борбордо медициналык-социалдык педагогикалык жана коррекциялык реабилитация жүргүзүлөт.

Эске салсак, борбордо эрте кийлигишүү бөлүмү, реабилитациялык бөлүм жана физиотерапия бөлүмү бар. Бардыгы болуп 98 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 6 дарыгер, 13 медайым, 5 психолог, 21 атайын педагог жана 2 социалдык кызматкер.

5-декабрга карата борбордо 114 үй-бүлөгө медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүлдү.