«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашыл аянттарга жана ирригациялык тармактарга кам көрүүнү улантууда.

Дем алыш күндөрү бак-дарактарды санитардык бутоо, авариялык жана куурап калган дарактарды алуу, сугат тармактарын тазалоо,  ошондой эле түшкөн жалбырактарды тазалоо иштерин өткөрдүк.

Горький көчөсү  Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектиси Жаш Гвардия бульварынан  Фучик көчөсүнө чейин, Манас жана Тынчтык проспектилери Ормон-Хан көчөсүнөн Мамлекеттик резиденцияга чейин, Ибраимов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, 7-апрель көчөсү Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин, Анкара көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин санитардык бутоо  иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Жашылдандырууга байланыштуу кайрылууңуздарды  37-53-30, 0504210600 телефондоруна калтырсаңыздар болот.