Бишкек шаарынын мэриясы Баткендеги жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү.

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев баштаган өкүлдөр Баткен облусунун чек ара аймактарында болуп, Баткен чек ара аймактарында болуп өткөн окуялардан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жакындан жардам көрсөтүп, 1 миллион сомдук жылуу кийимдер жана балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырышты.

Мындан тышкары вице-мэр Бишкек мэриясынын атынан жардам ирээтинде берилген 500 миң сомдук сертификатты Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге тапшырды. Өз кезегинде облус жетекчиси Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Баткен элине кылып жаткан камкордугун жогору баалап, элдин абалына түшүнүү менен мамиле кылып жатканына терең ыраазычылыгын билдирди.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев мобилдик үйлөрдүн 13 даанасы берилген Достук айылында жашаган тургундардын абалы менен таанышып, балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэринин жеке демилгеси жана шаарыбыздын ишкерлеринин колдоосу менен 50 даана жылуу мобилдик үйлөр жасалып, Баткен районунун тургундарына берилген.