Ленин райондук билим берүү борбору милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борбору менен биргеликте болочок бүтүрүүчүлөр үчүн тааныштыруу иш-чарасын уюштурушту.

Иш-чарага Ленин райондук билим берүү борборунун директору, Ленин райондук администрациясынын башчысы жана РОБнун  кызматкерлери жана Ленин районунун мектептеринен 135 бала катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.