Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Ленин районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Райондун башчысы алгач Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовдун үйүнө барды, 2023-жылы ардагер 100 жашка толот. Өзүнүн ардактуу жашына карабай ардагер катарга туруп, китеп, аңгеме, поэма жана роман жазат, "Ак Жол" коомдук фондун жетектейт, ал улгайган адамдарга, майыптарга, эмгекчилерге жана согуш ардагерлерине жардам берет.

Русланбек Тагаев ардагерди келе жаткан жаңы 2023-жыл менен куттуктап, белектерди тапшырды жана чың ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалады.

Ошондой эле аким 96 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдулхалик Гайсинге барды. Ардагерге материалдык жардам жана белектер тапшырылды.