Жаңы 2023-жылдын алдында Октябрь администрациясынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Акимчиликтин жетекчилиги тарабынан ардагерлерге 10 миң сомдон жана жемиштер салынган майрамдык куржундарды тартуулашты.

Мындан сырткары, «Байсу» кафесинде Октябрь райондук № 6, 7, 8, 9, 10, 11 МАБдарынын  райондук активдери жана ардагерлер кеңешинин төрагалары үчүн концерттик программа менен чай берилди.

Ошондой эле, жетекчилер катышуучуларга келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, өзгөчө айырмаланган активисттерге акимчиликтин Ардак грамоталарын тапшырышты.

Эске салсак, Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында жалпысынан 10 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери каттоодо турат, анын ичинде:

- Дүйнөлүк согуштун майыптары - 1 адам;
- Дүйнөлүк согуштун катышуучулары – 6 адам;
- Ленинград блокадасы - 1 адам;
- Концлагерлердин жашы жете элек туткундары - 2 адам.