"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасында жаңы атайын техника иштеп жатат.

Ишканага   XCMG кичи- экскаватору жана манипулятору алынып келди.

Корея өндүрүшүнүн Hyundai R60W-9S кичи-экскаватору - жер казуу жана пландоо иштери үчүн атайын техника. Машина компакттуу өлчөмдөргө ээ, тар шарттарда маневр жасоого оңой, имараттардын жанында траншеяларды казууга болот.

10 тонналык Dongfeng маркасындагы манипулятор менен жүк ташуучу унаа.

Ишкананын бригадасы жаңы атайын техниканы иш жүзүндө сынап жатат. Жарыктандыруу иштери  "Эне-Сай" конушундагы  Култегин көчөсүндө жүргүзүлүүдө.