Пилоттук долбоордун алкагында иргөөчү жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашкан.

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган.

Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.

Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы  менен камсыздалды.

Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.

Долбоордун максаты:

1. Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мындай аянтчаларды жайгаштыруу иштери башка райондордо уланууда. Белгилей кетсек, долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.