“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы эскертет.  

Учурда абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачын  күтүлүүдө. 

Катаал учурда бак дарактар калың жааган карды көтөрө албай калышы мүмкүн. 

Мындан улам  автоунааңыздарды  бак дарактардын астына (түбүнө) токтотпоого чакырабыз. Учурда ишкананын жумушчу  бригадалары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. 

Бутактар кулап калган учурда төмөнкү телефондорго чалыңыздар: 0504210600, 37-53-30