"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы кескин суукка байланыштуу троллейбустарга карата рейд жүргүздү.

Тактап айтканда, башкармалыктын жетекчилиги менен бөлүм башчылары менен биргеликте баардык троллейбустардын жылыткычтары, техникалык абалы текшерилди.

Жетекчилик текшерүү учурунда жылыткычтары иштебеген троллейбустарды каттамга чыгарбай туруп оңдоосун талап кылды.

Урматтуу шаар тургундары! Ишкананын ишине байланышкан  кайрылуулар  боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
312 65-74-39

Ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларыбыздагы жаңылыктарга көз салыңыз: 

https://www.facebook.com/BTUcom

https://instagram.com/mp_trolleybus?igshid=YmMyMTA2M2Y=