Шаардын жолдорундагы карды 35 даана атайын техника, анын ичинде МАЗ үлгүсүндөгү 25 кар тазалоочу, 2 даана ЗИЛ үлгүсүндөгү кум чачкыч, 2 даана алдыңкы жүктөгүч, 5 даана “Беларусь” трактору, щетка жана күрөктөр менен, Кар тазалоочу 2 трактор, 4 универсал техника жана ДЭУнун жол тейлөө бөлүмүнүн 40 кызматкери тазалайт.

Жол жээгиндеги аялдамалардагы жана тротуарлардагы карды тазалоо иштерин 615 жол тейлөө кызматкери жана самосвалдарга карларды жүктөө иштерине 121 жүктөгүч тартылат.

Кышкы сезонго жалпы 6000 тонна туз жана 3000 тонна жуулган кум даярдалган. Кум күтүблөгөн кырдаалдарда гана акыркы чара катары колдонулат.