Бишкек шаарынын баардык коомдук транспорту штаттык режимде иштеп жатканын борбор калаанын мэриясы билдирет! 

Жүргүнчүлөрдү 130 троллейбус, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын" 64 автобусу,  “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” ЖЧКсынын 382 кичи автобусу (маршрутка) 1298 даана жеке менчик кичи автобустар жана120 даана “Эко пассажирлер транспорту” ЖЧКсынын автобустары,  «Аламүдүн автотранс» коммуналдык ишканасынын 3 автобусу менен жүргүнчүлөрдү тейлейт. 

Ошондой эле «Бишкек Авто Рент» ЖЧКсынын 3 автобусу бар. Урматтуу жарандар! Сураныч,  коопсуздук үчүн коомдук унааларды күтүүдө аялдамаларда туруңуздар!