2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 1765 протокол түзүлгөн. Жарандар борборду көрктөндүрүү боюнча белгиленген эрежелерди 10 млн 995 миң 500 сомго бузган.

Белгисиз жерлерге таштанды чыгаруу үчүн 114-берене боюнча 656 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 4 132 000 сомду түзгөн.

Көрсөтмөлөрдү аткарбагандыгы үчүн 434-берене боюнча эскертүүлөр, 315 протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 126 миң 500 сомду түзгөн.

179-берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн көчөттөрдү зыянга учураткандыгы жана өз алдынча топурак казгандыгы үчүн жалпы суммасы 990 миң 500 сомго 117 протокол түзүлгөн.

Борбор калаанын мэриясы эскертет: бардык катталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык чаралар көрүлөт.