Асаналиев көчөсүндөгү Красная көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу №7 троллейбустук каттамдын кыймылы өзгөртүлдү.

Убактылуу каттамдын акыркы аялдамасы Тунгуч кичи району жана Эт комбинаты болот. Оңдоо иштери аяктаганга чейин троллейбус Ак-Өргө конушуна жүрбөйт.

Урматтуу жарандар! Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана өзгөрүүлөрдү эске алуу менен маршрутуңузду пландаштырууну суранабыз.