Шаардын таза суу жана канализация тармактарындагы аварияларды ыкчам жоюу максатында “Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы күчөтүлгөн режимге өттү.

Суу түтүктөрүндөгү үзгүлтүктөрдү жана канализация түйүндөрүндөгү тыгындарды жоюуга 17 авариялык бригада жана 80 адистештирилген техника тартылды.

Шаарда күн сайын муздак суу түтүктөрүндө кеминде 10 тешик бүтөлүп, 25тен ашык канализациялык тыгындар жоюлат.

«Бишкексууканал» башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде күнү-түнү шаардагы таза суу жана канализация тармактарындагы авариялык кырдаалдарды жоюуну улантууда. Борбор калаанын ЖЭБдерин жана отканаларын ичүүчү суу менен камсыз кылган суу алуучу жайлардын иши өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Урматтуу жарандар! Арыздарды кабыл алуу үчүн төмөнкү номерлер жеткиликтүү:

Call-центр 1533;
Диспетчердик кызмат: 0312 56-03-20

Муздак суу түтүктөрүнүн тоңуп калбашы үчүн «Бишкексууканал» башкармалыгы көп кабаттуу үйлөрдүн абоненттеринен жер төлөлөрдү жана унаа токтотуучу жайларды жабууну, ал эми жеке сектордун жашоочуларынан суу эсептегичтер, клапандар жана вентиляторлор орнотулган кудуктарды жылуулоону өтүнөт.