Борбор калаанын Свердлов районунда мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы астында мыйзамсыз берилген жер участокторун кайтарып алуу жана гараж кооперативдерин мыйзамдаштыруу иштеринин алкагында Шабдан Баатыр проспектиси менен Достоевский көчөсүнүн кесилишиндеги муниципалдык участокто жайгашкан объекттер муниципалитке өткөрүлдү.

Берилген участоктордун жалпы аянты 0,30 га.

Бул участокто муниципалдык унаа токтотуучу жайды уюштуруу пландалууда. Учурда ал жерде капиталдык курулуштар,  жер тилкенин айланасындагы тосмолор жана чатыр жайгашкан.

Белгилей кетсек, муниципалдык аймакты натыйжалуу пайдалануу максатында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия тарабынан "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалындагы аталган жер участогуна убактылуу пайдалануу укугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган жана шаар куруу корутундусун даярдоо боюнча "Бишкек унаа  туруктары жана токтотмолору" МИси менен биргеликте маселени иштеп чыгуу үчүн ""Бишкекбашкыархитектура"" мамлекеттик мекемеге материалдарды жөнөтүү тапшырылган.