Бишкекке 20 жаңы автобус  келди.

Белгилей кетсек, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн орундук.

Эске салсак, КРнын Президенти С.Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.