Борбор калаанын “Алга” футболдук клубунун жаңы башкы машыктыруучусу болуп буга чейин КРнын жаштар курама командасын (U-17) жетектеп келген Самат Сүймалиев дайындалды.

Самат Сүймалиевдин айтымында, машыктыруучулардын курамында да анча-мынча өзгөрүүлөр болгон. Руслан Жаныбеков клубда дарбазачылардын машыктыруучусу, ал эми Бакай Зайырбеков машыктыруучунун жардамчысы болуп иштейт.

Сүймалиевдин келишими 2023-жылдын сезону аяктаганга чейин, дагы да узартылышы мүмкүн.