«Тазалык» муниципалдык ишканасы түнү бою унаа жолдорду  жана тротуарлардын жээктерин кардан тазалашты.

Линияда Маз КОнун базасындагы 27 даана атайын техника, 1 даана Пескарь зил130, 2 даана фронталдык жүктөгүч, 4 даана универсалдуу комбайн, 5 даана «Беларусь» трактору  линияда жана  жол тейлөө башкармалыгынын 30 жумушчусу тартылган.

Шаардын көчөлөрүндө 648  көчө тазалагыч  жана 115 жүк ташуучу иштөөдө, ошондой эле атайы 40 техника иштөөдө.

Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Унааларды жол жээгине калтырбоону суранабыз, алар карды тазалоо үчүн атайын техникага тоскоол болушууда.