Борбор калаада мэрдин орун басары  Нурдан Орунтаев Орто-Сай соода-базар комплексинин аймагында жайгашкан ички жана тышкы павильондун («Жашыл базар») ижарачылары  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар бир ижарачы менен жекече ижара келишимин түзүү маселеси талкууланды. Белгилей кетсек, «Орто-Сай» соода-базар комплексинин аймагындагы ички жана тышкы павильон («Жашыл базар») муниципалдык менчик болуп саналат. Аталган жер тилкеси 2016-жылы тендердин негизинде «Карасай Сервис ЛТД» ЖЧКсына берилген. Сынактын шартына ылайык, ижара келишими түзүлгөн мезгилде ижарачы ижарага алынган аянттын аймагын жакшыртууга 20 миллион сом жумшашы керек болчу.

Ижара келишиминин шарттары аткарылбагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти муниципалдык менчикти берүү боюнча комиссиянын кароосуна ижара келишимин бир тараптуу бузуу жөнүндө маселени койду. «Карасай Сервис ЛТД» ЖЧКсы. Комиссиянын чечими менен ижара келишими токтотулган.

Борбор калаанын мэриясы келечекте үчүнчү жактардан, ортомчулардан арылуу үчүн түздөн-түз  келишим түзөт.