“Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери учурда жаңы кышкы форма менен иштеп жатышат.

Жашылчарба жумушчулары үчүн ишкананын логотибинин түстөрүндө иштелип чыккан 300 комплект форма сатылып алынган: сары, жашыл жана боз.

Кийим жол боюндагы кооптуу аймактарда нөөмөт учурунда жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн чагылдыруучу кездеме менен капталган. Форма  кыш мезгилине ылайык жылууланган.

Форма кызматкерлерди тартипке салууга жардам берип, командалык иштин калыптанышына өбөлгө түзөт.