Абанын  кескин төмөндөшүнө байланыштуу борбор калаанын жарандары жана коноктор  үчүн жылынууга бара турган пункттар уюштурулган.
Убактылуу пункттар бардык зарыл нерселер менен камсыз кылынат – жылуулук жана ысык чай.

Биринчи Май районунда жылытуу пункту :
- Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан;

Октябрь району боюнча:

- №5 кичирайонундагы  1/1үйүнүн  жанында, Юнусалиев  менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- №12 кичирайондо, Маданият үйүнүн жанында;
- Тунгуч кичи районунда, Глобус супермаркетинин жанында.

Ленин району боюнча:
- «Октябрь» кинотеатрынын жанында (батыш тарабы);
- "Манас" кинотеатрынын жанында;
- Ленин акимиатынын түштүк-батыш тарабы Чүй проспектиси № 315 дареги боюнча.

Свердлов району боюнча:
- Восток-5 кичи районундагы кичи арбат аялдамасында;
- Бельская көчөсүндөгү «Красная строитель» конушунун паркында (№4 автобустун акыркы  аялдамасы);
-Ошондой эле Чыгыш автобекетинин ичинде жана  ТЭЦте  Дордой базарындагы  “Азия” базарынын  ичинде.

Жылуулук түйүндөрүн КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбордун мэриясы менен биргеликте уюштурат. Жалпысынан шаарда  10 чатыр тигилет. Ар бир пунктта ӨКМБнын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.