Күндүн суугуна карабастан, Бишкексууканал ӨЭБнын бригадалары кадимки режимде иштеп жатат.

Канализация кызматынын бригадасы Маевка айылындагы аварияны жойду. Айрыкча кыштын суугунда жумуш оңой эмес. Жумушчулар казылган чуңкурга киришип, тизесине чейин сууда иштөөгө мажбур болушкан. Мындан тышкары, зыянды жоюу үчүн диаметри 600 мм болгон басым коллекторун каптоо зарыл болгон.