Борбор калаадагы коомдук транспорттун ишин текшерүүгө алышты.

Рейддин жүрүшүндө пландалган чыгуу, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Рейдге Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын, Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын жетекчилери, кызматкерлери жана 31 жеке жүргүнчүлөрдү-ташуучу мекеменин жетекчилери тартылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында пландуу чыгуунун сакталбагандыгы, кыймылдын аралыгы аткарылбаганы аныкталып, күз-кыш мезгилине техникалык жактан даяр эместигинин фактылары да тастыкталды.

Тартип бузган айдоочуларга башкармалык тарабынан дисциплинардык чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча фирмаларга тиешелүү эскертүүлөр берилди. Ошондой эле жетекчилерге кыймылдуу составдын техникалык абалын жана айдоочулардын иш тартибин такай текшерип туруу тапшырылды.

Мындай текшерүүлөр коомдук транспорттордун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында суук мезгилде тез-тез жүргүзүлүп турат.