Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен борбор калаанын жарандары жана коноктору үчүн уюштурулган убактылуу жылуулук түйүндөрүнүн иши менен таанышты.

Убактылуу пункттар бардык зарыл нерселер менен камсыз кылынган – жылуулук жана ысык чай. Жалпысынан шаарда 12 чатыр бар.

Биринчи май районунда жылытуу пункттары төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:
- Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Батыш автовокзалында.

Октябрь районунда:
- №5 кичирайонундагы 1/1  үйдүн жанында, Юнусалиев  менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- №12 кичирайонунда Маданият үйүнүн жанында;
- Тунгуч кичи районунда, Глобус супермаркетинин жанында.

Ленин району боюнча:
- «Октябрь» кинотеатрынын жанында (батыш тарабы);
- "Манас" кинотеатрынын жанында;
- Ленин акимиатынын түштүк-батыш тарабы Чүй проспектиси № 315 дареги боюнча.

Свердлов районунда:
- Чыгыш-5 кичи районундагы кичи арбат аялдамасында;
- Бельская көчөсүндөгү «Красная строитель» конушунун паркында (№4 автобустун акыркы  аялдамасы);
- Ошондой эле Чыгыш автобекетинин ичинде жана     Дордой базарындагы   “Азия”  СТ  ичинде.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбор калаанын мэриясы менен биргеликте жылуулук түйүндөрүн уюштурду. Ар бир пунктта ӨКМБнын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.