Октябрь районунун  тургуну  1969-жылы туулган Кызайбаев Аким Мелисович, жубайы жана 4 жашы жете элек баласы менен Бишкек шаарынын Беларусь көчөсү менен Соң-Көл көчөсүнүн кесилишинде (күркө-бөлмөсүндө)  турушат.  Балдарды тарбиялоо жана багуу учун ал  жерде шарт жок.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргыз Республикасынын аймагында аба ырайынын кескин  суук болушу тууралуу эскертүүсүнө байланыштуу жашы жете элек балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында 2023-жылдын 11-январында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн  кызматкерлери Октябрь РИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте саат 18:00дө балдарды алып кетүү үчүн барышты.

Бирок, кармоо учурунда жаран Кызайбаев А.М каршылык көрсөтүп, РИИБна жеткирилген.

Апасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдары менен SOS- Балдар айылынын базасында аялдардын убактылуу жашоочу кризистик борборунда  убактылуу жашоо сунушталды. Апасы менен балдары SOS-Балдар айылындагы аялдардын кризистик убактылуу борборуна жеткирилген.