“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-январь күнү саркынды суу кызматынын адистери эртең менен И.Ахунбаев көчөсүнөн төмөн жайгашкан Малдыбаев көчөсүндөгү канализацияны тазалашты.

Абоненттердин жоопкерчиликсиздигинин айынан  канализация системасы ар кандай буюмдар менен  толуп калган. Жумушчулар канализациядан 100 кг чүпүрөк, андан сырткары медициналык таштандылар, кебез, нымдуу салфеткалар, полиэтилен баштыктарды жана цементтин бир кесиндисин чыгарышкан.

Канализациядагы тазалоого 11 саат убакыт кеткен. Бишкексууканал мекемесинин кызматкерлери  түнкүсүн сырттагы суукка карабай  иштешти.