Борбор калаадагы №3 мектепке чейинки билим берүү уюму 2021-жылдын 1-октябрында пайдаланууга берилген. Бакча 105 орунга ылайыкталган жана бардык талаптарга жооп берет. 5 тайпадан турат.

Балдардын жашы 2 жаштан 7 жашка чейин. Жалпысынан 27 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 8 мугалим Россия жана Казакстанда билимин жогорулатып, балдарды окутуу жана тарбиялоо менен алектенишет.

Бала бакчада жумасына 15 сабак болот.  2022-жылдын 1-октябрынан баштап бакчадаар бир сабак  көп тилдүү билим берүү программасы менен иштеп, мугалимдер тарабынан  маалыматтык технологиялардын  жардамы менен өткөрүлөт.

Кандайдыр бир ишти баштаардын алдында ата-энелер менен чогулуш өткөрүп, кеңешип, чогуу талкуулап, жыйынтыгын аларга сунуштайбыз. Ата-энелер бул программаны толугу менен колдошту, анткени жаш муундун эне тилин билүүсү керек, 2 же андан көп тилди билгени абдан жакшы.

Группада негизги сабактарды кыргыз тилинде, коммуникативдик сабактарды орус тилинде жана англис тилинде өткөрөбүз бир бөлүгүн өткөрүп пилоттук режимде иштейбиз.