Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери тирөөч мамыларды тазалоодо.

Жайында аталган башкармалыктын кызматкерлери шаардагы бардык тирөөч мамыларды тазалап, сырдап, иретке келтиришкен. Бирок убакыттын өтүшү менен мамыларга  кайрадан ар кандай кулактандыруулар чапталып, алардын көрүнүшүн бузган.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, жарнамалык брошюраларды жана жарнактарды тирөөч мамыларга илбеңиздер.