Билим берүү башкармалыгы менен Кыргызстан Эл аралык университетинин окуу илимий-өндүрүштүк комплексинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын англис тили мугалимдери үчүн « Чет тилде окутуунун заманбап методдору жана технологиялары» деген темада эл аралык тренерлердин катышуусу менен тренинг өткөрүлдү.

Семинарга 100дөн ашык англис тили мугалимдери катышты.

Эки күн активдүү иштөөгө жана талкууга, ошондой эле мастер-класстарга катышууга арналды. Баяндамалардын ар түрдүү темалары катышуучуларга көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнүүгө, кызыктуу суроолорду берүүгө жана жооп алууга мүмкүндүк берди.

Мугалимдер окутуунун заманбап усулдары боюнча теориялык тажрыйба алышты.