Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шаардык реабилитациялык борбору толук жана көз карандысыз жашоого жардам берүүдө чоң роль ойнойт.

Борбордун кызматкерлери – социалдык кызматкерлер жана медициналык кызматкерлер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине өзүн-өзү тейлөөнүн, эмгек терапиясынын жаңы көнүгүүлөрдү  үйрөтүү боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Реабилитациянын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мүмкүн болушунча өз алдынча жашоого жардам беришет жана алардын мээнети чындап бааланат.

Кызматкерлердин  иши татаал жана чоң чеберчиликти, боорукердикти жана чыдамкайлыкты талап кылат. Алар 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүп, массаж, дарылоо көнүгүүлөрүн жасоого жөндөмдүү болушу керек.

Шаардык реабилитациялык борбор жыл сайын 100 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлеп,  ысык тамак менен камсыз кылат.

Борбордо 2023-жылга карата 400 адам катталган.

Дареги: Великолукская №29А. Байланыш номери: 0312 679383.