Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Бишкек шаарында электр энергиясын керектөө көбөйүп, электр тармактарынын жабдыктарына ашыкча иш алып келүүдө.

Ири аварияларды, энергетикалык жабдуулардын иштен чыгышын болтурбоо максатында жана түнкүсүн көчө жарыктары жок болгон жол-транспорт кырсыктарынын тобокелдиктерин эске алуу менен, эң көп болгон убакта көчөлөрдү жарыктандырууну этап-этабы менен өчүрүү киргизилүүдө.

Бульварларда, сейил бактарда, скверлерде жана веложолдордо жарыктандыруу өчүрүлөт.

Тактап айтканда, электр тармагындагы абал турукташканга чейин түнкүсүн көрнөк-жарнактарды жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.