Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Бишкек шаардык кеңешинин  спикери Кубанычбек Конгантиев Ташкент жана Өзбекстандын Викентиси  менен жолугушту.

Тараптар борбор калаанын аймагында жалпы билим берүүчү мектептин курулушуна көмөк көрсөтүү, епархиянын волонтерлорунун шаардык волонтердук уюмдар менен кызматташуусун кеңейтүү, ошондой эле провослав чиркөөсүнүн жыйналышынын өтүнүчү боюнча 11- троллейбустун каттамын узартуу маселелерин талкуулашты.

Мэр белгилегендей, муниципалитет мектеп куруу үчүн жер тилкесин берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Жолугушууга ошондой эле мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Владыка Савватий, Андрей Кунавин, "Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борбору" ЖЧКнын директору Наталья Кулматова катышты.